Индейцтердин башчысы жана Ыйса

Чын эле бергенге эч нерсең жокпу?

Миссионер колунда мачете менен чытырман токойдон жол жазап, кетип бара жатты. Ошентип, индейецтердин айылына жетти. Аны менен, индейецтердин башчысы жылуу учурашты. Көз ачып жумгуча эле айылдагылар миссионерди тегеректеп чогулуп калышты.
Миссионер айылдык адамдардын алдында турат. Миссионер даярданып алып, айта баштады: «Кудай силерге, ар бир адам «Бейишке» кантип бара алат экенин билишиңер үчүн, мени силерге жиберди».
Индейецтердин башчысы жакшы кабар укканына абдан кубанды. Ал ордунан туруп: “Индейецтердин башчысы Кудайга өзүнүн жаасын жана огун алып келет” - деди. Андан кийин ал кайрадан уга баштады.
Миссионер сөзүн андан ары улантып: “Кудай силерди сүйөт, ошондуктан силер Ага келишиңерди каалайт. Бирок Кудай Ыйык, ал эми силердин күнөөңөр Ага барчу жолду тозуп салып жатат. Бейиште күнөөкөрлөр үчүн орун жок”.
Бул индейецтерди кайгыртты. Анткени буга чейин уурдап, калп айтып, өлтүрүп жаман иштерди кылып жүргөндүктөн, алар бул иштери үчүн уялышты.

«Кайгырбагыла!»- деди миссинер. «Кудай силерди сүйөт. Ал силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет».
Индейецтердин башчысы кубанганынан, ордунан турду да кооз килемин алып келди.
“Индейецтердин башчысын Кудай сүйөт экенине абдан кубанычта, ошондуктан ал өз кооз килемин Кудайга берет”. Бул сөздү айткандан кийин башчы, сөздү угуусун улантты.
“ Кудай бул дүйнөгө Өзүнүн жалгыз Уулун, бардык адамдардын күнөөсү үчүн жазаланышы үчүн жиберген”. Кудай биз үчүн канчалык көп нерсе кылган!
Индейецтердин башчысы миссионерди дарыянын жанына алып келди. Анткени анда бар болгон, эң кымбат нерсесин Кудайга бергиси келди.
«Индейец башчысы Кудайга өзүнүн кайыгын бергиси келет. Мындан башка Кудайга берчү эч нерсем жок». Чын эле эч нерсе жокпу?
Миссионер мындай деди: «Ыйса, Кудайдын Уулу сенин күнөөлөрүң үчүн , Өз өмүрүн айкаш жыгачта берди. Ал сени сүйөт. Ага ишенсең, Ал сенин күнөөлөрүңдү кечирет. Ошондо сен Бейишке барганга мүмкүнчүлүгүң болот».
Башчынын жүзү жаркылдап, мындай деди: “О, мен эми билем Кудайга эмне береримди- ишенимди. Ыйса мен үчүн өлгөнүнө ишенем, мындан ары Анын артынан барам. Бүгүндөн баштап Ыйса менин жашоомдун эң негизги жеринен орун алды”.
Көптөрү индейец башчыны туурап, кубанычка толуп, жашаган жерлерине кетишти.
;

Андан аары