Алтын Ржанка

Алтын Ржанка менен танышуу

Сен байкадың беле келгин куштар жылуу аймактарга учаардын алдында электр - өткөргүчтөргө чогулуп алганын?
Кооз үндүү чабалекей жана лейлек куштар бир убакытта түштүкө учуп жөнөйт. Алар ”чемодандарды жыйноо керек экендигин” кайдан билишет?
Жаратуучу Кудай аларга ушундай жөндөм белек кылган.
Алар Анын көрсөтмөсү боюнча кылгандыктан, алардын өмүрү сакталат.
Кээ бир куштар 10 миң деген километр учуп, өздөрүнүн уясына кайтып келет.
Алтын Ржанка деген абдан таң калыштуу бир куш бар. Алар муз эч качан эрибеген Аляскада жайгашат. Ржанканын балапандары жумурткадан 26 – күндөн кийин жарылып чыгат.
Анын жакшы көргөн тамактары клюква менен майлуу курттар. Бул чымчыктар көгүчкөндүн көлөмүндөй өсөт, алардын канаттары жашыл жылтырак алтын өңдүү.
Алар жакшы, кооз басканды билишпейт, бирок абдан жакшы учушат. Алардын жакшы учканы абдан маанилүү, анткени алар кышкы каникулду Гавайда өткөрүшөт. А бул ржанкалар үчүн үзгүлтүксүз 88 – саат учуп жол жүрүүнү билдирет.
Ржанка учканга чейин өзүнүн көлөмүнүн жарым салмагын кошуп даярданат..
Ал учуп баратканда 250 миң жолу өйдө ылдый канаттарын кагат. А сен 250 миң жолу отуруп туруп көнүгүү жазай алат белең??
Эгерде бул чымчыктарда спидометр болсо, анда ал саатына 50 киллометр ылдамдыкта учат деп көрсөтмөк.

Америкалык алтын ржанканын салмагы болжол менен 270 граммды түзөт, учкан сайын саатына 0.6% салмак жоготот.
Эсептер боюнча көздөгөн жерге 800 км калганда эле бул чымчыктардын алы кетип чарчап калыш керек болчу.
Бирок алардын күчүнүн сакталышы, латын “V“ тамгасы сыяктуу тизилип учканында. Анткени алдындагы учуп бараткан чымчыктан башкаларына абанын каршылыгы азайат, күчүн үнөмдөш үчүн алар мезгил – мезгил менен алмашып турушат.
;
Алтын ржанка Кудай ага салган көрсөтмөлөрдү сактагандыктан, учуу планы же компос жок эле бардык учурда, күнү – түнү дебей, аба – ырайына карабай уча алышат.
Ал тургай Гавайга эч качан учуп көрбөгөн жаш канаттуулар чоң деңиздин ортосунан кичинекей аралды таап алышат. Бул капысынан эмес.
Алар Кудайдын пайдалуу көрсөтмөлөрүн аткарып Теңирге ыраазычылык ырларын ырдашат.
Мүмкүн биз дагы ушундай кылышыбыз керекпи? Кудай бизге Ыйык Жазууда керектүү осуяттарын берген. Ким аны аткарып жашаса ал акырында Кудай көздөгөн жерге жете алат.

Андан аары