Кичинекей кайык

Эмне үчүн ал Ага экинчи жолу таандык?

Көптөн күткөн каникул убагы дагы келди! Женя аны аябай күткөн болчу. Ал жакшы уктап эс алып көбүрөөк убактысын өзүнө жаккан ишине убакыт бөлүүнү кыялданган.
Аябай кызыгуу менен кайык жасоого киришти. Ага атасынын чеберканасына шаймандар үчүн кирүүгө дагы уруксат беришти.
Женянын кайыгы даяр болгондо ал аны кызыл жана жашыл түскө боёп, баардык үч таякчасына ак түстөгү желекчелерди илип койду.
Сыймыктануу менен ак кайыгын алып сууну карай аны коё берүү үчүн бара жатты.
Женя бир топ бала ага карай келе жатканын байкабай калды.
"Бул нерсени сен өз колуң менен жасадыңбы? Биз аны жөн гана алып ойноп көрөлү".
Женя жооп бергенге жетишпей калды - бир убакта ал алардын соккусунан камыштардын арсына кулап калды. Ал жактан туруп чыккыча ал балдар анын кайыгын алып кетип калышыптыр.
Үйүнө бара жатканда анын аябай ыйлагысы келди.
Жума артынан жума өтө берди. Бир күнү Женя дүкөндүн текчесинен кайыкты көрүп калды.
"Ата, бул менин кайыгымго!"
"Сен ушул экенине ишенесинби?"- деп атасы сурады.
"Ооба, мен ишенем. Карасаныз, кайыктын тумшугундагы менин белгим турбайбы!"
Женя дүкөндүн сатуучусуна чуркап барып: "Бул сиздин кайыгыңыз эмес, ал меники".
Женянын атасы таң калып турган сатуучу аялга баарын түшүндүрүп берди.
"Мен бул кайыкты башка балдардан сатып алгам. Кел анда сүйлөшөлү, мен сага бул кайыкты канча акчага сатып алсам ошол эле баасына кайра сатайын".
Женя макул болуп, өзү жасаган кайыгы үчүн акча төлөп сатып алды.
"Менин кичинекей кайыгым, эми сен экинчи жолу мага таандык болуп калдың. Биринчи жолу мен сени өз колум менен жазасам ал эми экинчи жолу мен сени сатып алдым".
"Сен деле экинчи жолу Кудайга таандыксыңбы"- деп атасы сурады.
"Кандайча экинчи жолу?"
"Хм, Кудай адамды жаратты, бирок адам Кудайдан терс жака бурулуп күнөө кылып кеткен, биз кайрадан Кудайга таандык болушубуз үчүн Ыйса айкаш жыгачта курман болуп Өзүнүн өмүрү менен бизди кайрып алган".
"Кудайга экинчи жолу таандык экенимди мен кайдан билем?"
;