Ата-энелерге

Chygyshbaldary.com - бул Машайакчылардын балдар үчүн интернет баракча.
Chygyshbaldary.com - дүйнө жүзүндөгү тармак аркылуу балдар Ыйык Жазууну таанып, жашоосуна колдонгонго үйрөнө алышат. Мындан сырткары оюндарды ойноп, өз ойлорун айта алышат, анткени алардын оюн уга тургандар болот. Балдар, атайын даярдалган “Мугалимдер” менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар ар бир балага жеке суроолоруна Ыйык Жазуунун негизинде жооп беришет. Бардык Мугалимдер катышуунун алдында, атайын тандоодон өтүшөт.

Chygyshbaldary.com Кудай Сөзүнүн күчүнө ишенгендиктен, балдарды жана алардын ата-энелерин биздин веб-сайтты колдонуп, кубанычка ээ болушуна чакырабыз.

Chygyshbaldary.com Ата-энелердин мүмкүнчүлүгү.
Биздин максатыбыз ата-энелерге жардам катары, алардын балдарына коопсуз, кызыктуу онлайн колдонмо сунуш кылабыз. Ата-энелер Chygyshbaldary.com сайтына өздөрү кирип, балдары коопсуз жерде Кудай Сөзүн таанып, кызыктуу убакыт өткөрө алат экенин текшере алышат.

Chygyshbaldary.com башка сайттарга шилтеме бере алат, анткени маалымат чогултууда өздүк ыкмалары бар. Башка веб-сайттардын өз саясатынын купуялуулугун жөнгө салышат же маалымат чогултууда, биздикинен айырмаланып турат. Биз, биздин колдонуучуларыбызды кайсы веб-сайтты колдонгусу келсе, саясатынын купуялуулугу жана маалымат чогултуу ыкмалары менен таанышуусуна чакырабыз.

Кайра байланыш
Эгерде сиздерде кандайдыр бир суроолор, түшүндүрмөлөр болсо же купуялуулук саясатына жана ыкмаларына карата көйгөй жаралса, бизге байланышка чыгууңузду суранабыз. Бул баракчанын үстүнкү бөлүгүндө байланыш маалыматын колдонсоңуз болот.