Ыйса сыйынган - 4 бөлүм

Ыйса сыйынгандай сыйын - 4 бөлүм

Ыйса башкалар үчүн сыйынган

Гетсемани багында Ыйса сыйынгандан кийин, Аны сатып кеткен, кармап алышып, өлүмгө кыйышкан.
Шаардын сыртында Голгофа деген жерге Ыйсаны алып келишти. Аны айкаш жыгачка кадап коюшту. Ыйсанын жанына эки кылмышкер да кадалды бири оң жагына бири сол жагына.
Ылдый жакта болсо аскерлер Ыйсанын кийимин өз ара бөлүп алышты, ал эми эмне болот болду экен денген адамдар жанында турушту.
Ыйса айкаш жыгачта сыйынды. Ал Өзү үчүн сыйынган жок, Анын жанындагы адамдар үчүн сыйынган.
Ыйса айкаш жыгачта мындай деди: “Ата буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт!”
Ыйса өлүм алдында да душмандарын ойлоп, алар үчүн сыйынган.
Ыйса сыйынгандай, сен да башкалар үчүн сыйын.
Кудайдан, сага жакпаган адамдарды сүйгөнгө, жардам сурасаң болот. Кудайдан, сага жакпаган адамдарды сүйгөнгө, жардам сурасаң болот.
;

Андан аары..