Ѳзгөчө тумшуктуу ѳрдѳк

Ѳзгөчө тумшуктуу ѳрдѳк



Күч-кубатты сарамжалдуу сактоочу

Бул жаныбар ар түнү аз дегенде жарым килограммга чейин азык жейт. Аңчылыкка чыгууга мүмкүн болбогон учурларда, тумшуктуу ѳрдѳк ѳзүнүн «кемчет» куйругундагы теринин алдына топтолгон майларын сарптайт.

Абайла — туюк кѳчѳ!

Тумшуктуу өрдѳк эки түрдүү ийин казат: биринчиси кадимки ийин болсо, экинчиси балдары үчүн ѳзгѳчѳ ийин. Ургаачы тумшуктуу ѳрдѳктүн узундугу 12 метрден ашык узун ийин казат.

Ийинди суу каптоодон сакташ үчүн ийиндин баш жагынан тик кеткендей кылып казат. Мындан сырткары, ийинди сактоо үчүн бир нече дубал курат. Мындай дубалдардан улам тумшуктуу ѳрдѳктүн душмандары (ит, мышык, түлкү, жыландар) туюкка капталып, артка кетишет. Теңир тумшуктуу ѳрдѳккө ийинин сакташ үчүн мына ушундай акыл берген.


Андан аары