Ыйса сыйынган - 1 бөлүм

Ыйса сыйынгандай, сен да сыйын

Өткөн күн абдан оор болгон эле.
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер Ыйсаны күнөөлөп, Ага ачууланып жатышты.
Бул адамдар Ыйсаны кантип өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты.
Ошол убакта Ыйса сыйынуу үчүн тоого кеткен.

Ал Атасы менен жалгыз болгусу келген.
Анткени Кудай Атасы менен чогу болуу үчүн, тынч жер, убакыт керек болгон.
Ал Кудай Атасы менен бардыгы жөнүндө сүйлөшө алчу. Ыйса үчүн бул абдан маанилүү болгон.
Мына ошондуктан Ыйса Өзү жалгыз болуу үчүн, тынч жер издеген.
Ыйык жазууда мындай дейт,
Ыйса тоого чыгып, “...түнү бою Кудайга сыйынды…” (Лука 6:12).
Эртең менен таң атканда, Ыйса маанилүү чечим чыгарган.
Ал Өзүнө 12 шакирт тандаган.
Качан сен Ыйса үчүн жашайм деп чечкен болсоң, Кудай менен сүйлөшкөнгө, тынч убакыт өткөрүү абдан маанилүү.

Сен кантип кылсаң болот?
Кудай менен “тынч убакыт” өткөрүш үчүн, кайсы убакта кылыш керек?

Башка нерселер сага тоскоол болбош үчүн, тынч жерди тандоо маанилүү.
;
  
  
  


Андан аары