
Көчкүнүн алдында калган лыжачыларды мүмкүн болушунча эрте табуу маанилүү. Бирок бул оор себеби лыжачылар бир нече метр калың кардын алдында калышы мүмкүн. Мына ушундай учурда супер-мурун өтө керек. Атайын үйрөтүлгөн иттерди вертолет менен ошол жерге алып келишет. Бул иттер керек болсо өтө калың кардын астында жаткан адамдын жытын сезе алышат!