Ыйсанын күбѳлүгү

Бул чындык экенин мен кайдан билем?

" Бул чын экенин мен каяктан билем?" – Акылай кызыгып. "Ыйса чынында Кудайдын Уулу экендигин кантип далилдеп бересиң? "

"Сен Акылай экениңди кантип далилдейсиң?"
Мен андан сурадым. "Албетте! Менин инсандыгымды далилдеген документим бар - бул тѳрѳлгѳнүм жѳнүндѳ күбѳлүгүм!" – деди кыз.
" Өкүнүчтүү, Ыйсаныкы андайы болгон эмес..."
Акылай Ыйсанын беш далил бар экенин билген эмес.

"Чын эле Анын беш күбѳлүгү бар беле?"
Биринчи күбѳлүгү Кудайдан келген. Качан Ыйса чѳмүлгѳндѳ асмандан үн чыкты: „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын".
Экинчи күбѳлүгү - бул Ыйык Жазуу, анткени Кудайдын Уулу жѳнүндѳ баардык пайгамбарчылыктар Ыйык Жазууда жазылган жана Ыйсанын жашоосунда аткарылган.
Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигинин үчүнчү далили – Анын тирилиши. Ыйса бүгүн тирүү. Анын кѳп күбѳлүндүрүүчүлѳрү бар.
Адамдар тѳртүнчү далилди беришкен. Ыйсаны тааныган адамдар «Ал чын эле Кудайдын Уулу" – деп айтышкан.
Галилеядагы Каанада болгон бешинчи далилди мен сага кѳргѳзѳм. Ал жакта үйлѳнү той болгон. Коноктор үйлѳнг ѳндѳр менен жети күн майрамдашкан.Бул тойго Ыйса достору менен чакырылган эле.

Коноктор ырдашкан, ойношкон, жеп ичишкен. Бир маалда шарап түгѳнүп калды.
Мариям жок калганын билип калды. Ал Ыйсага барып айтты.

Ыйса кулдарга айтты: "Идишкерге суу толтургула".
Болжол менен 570 литр суу алып келишти, Ыйса аларга айтты: "Эми сузуп алгыла да, той башкаруучуга алып баргыла".
Той башкаруучу шараптан ичип кѳрүп, күйѳѳнү чакырып. "Бул шарапты сен каяктан алдың? Мен мындай сонун шарапты эч качан ичип кѳргѳн эмесмин".

Ыйса жѳнѳкѳй сууну сонун шарапка айландырган!
Бул Ыйсанын биринчи керемети болчу.
Кереметтер – бул Ыйса, Кудайдын Уулу экендегинин далили.
Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигин далилдеген беш күбѳлүктѳр бар. Бул мен үчүн жетиштүү. Мен Ага ишенем. А сенчи?
;


Андан аары..