Ыйса сыйынган - 2 бөлүм

Ыйса сыйынгандай сыйын - 2 бөлүм

Ыйсага ыраазычылык сыйынуу

Ыйсанын айланасына көп адамдар чогулушту. Ал оорулууларды айыктырып, Асман падышалыгы жөнүндө айтып жатты. Күн кеч кирип келе жаткан эле.
Шакирттер Ыйсага келип: ”Элди тарат."
“Жакын жердеги айылдарга барып, тамак сатып кеткенге жер табышсын. Анткени бул ээн жер дешти”.
Ыйса шакирттерине: “Аларга тамакты силер бергиле ”, - деди.
“Бизде беш нан менен эки балык эле бар!”- деп жооп беришти шакирттери.
Ыйса шакирттерине: “Ааларды 50 адамдан катар катары менен отургузгула”- деди. Алар ошондой кылып, бардыгын отургузушту.
Ыйса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди.
Ыйса билген, биз эмнеге муктаж болуп турсак, Кудай барын берет экенин. Ошол убакта, аларда болгон аз нерсеси менен, бардык адамдарды тойгузуу мүмкүн эместей болуптурганда, Ыйса сыйынды.
Ыйса колунда кармап турган кичине нан жана эки балык үчүн, Кудайга ыраазычылык келтирди. Ошол жердеги ар бир адамды Теңир тойгузаарына, Ал Кудайга таянып күткөн.
Ыйса сыйынгандай, сен да сыйын! Кудайга, бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык келтир.
Тамак ичерде, Ал сен үчүн кам көрүп жатканына рахмат айтсаң болот.
Ыйса сыйынгандай, сыйынуу, Кудай өзгөчө бир нерсе кылаарын Андан күтүү. “Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт”. (Лука 1:37)
Кудай керемет кыла алат! Ыйса сыйынып бүткөндөн кийин, нанды сындырып жана балыкты шакирттерге берди, алар элдерге таратты. Бардыгы жеп тоюшту. Ошондой эле көп тамак ашып калды.
Бул чыныгы болгон окуя! Ал Ыйык Жазууда, Лука 9 бөлүм 11-12 аятта жазылган.
;

Андан аары..