Кукабарр эмнеси менен белгилүү?

Ар бир күнү кубанабыз!



Башыңарды чалкалатып алып:

«Куу-куу-куу-куу-куу-каа-каа-каа»

деп айткыла

Кызык бекен?

Бул Австралия жана анын жанындагы аралдарда жашаган кукабарр деген канаттуу. Кукабарралар уктаардын алдында, күн чыгып келе жатканда, дарактардын чокусуна отуруп алышып каткырып жаткандай сайрашат.

Бир үй-бүлѳ каткырып баштаса, экинчи үй-бүлѳ жооп берип үн алышат. Алар бири-бирине:

«бул биздин территория, сак бол!» деп айтышат.


Андан аары