Шашпаган ленивец

Жай тасмадагы тартылгандай жашоо



Эң сонун камуфляж

Ленивецтин жүнү саман сыяктуу катуу келип, ар бир талында чуңкурчалары бар. Күнүгѳ жааган жамгырдан улам анын чачынын учтарына, чуңкурчаларына кѳгүш жашыл балырлар ѳсүп чыгат. Ошондуктан анын бозомтук күрѳң жүнү жашкылт болуп калат. Мына ушундай түс ал үчүн эң сонун камуфляж болуп кызмат кылат. Ленивец жүнүндѳгү кѳгүш жашыл балырларды жалап жегенди жакшы кѳрѳт. Балырлардын курамындагы витаминдер ленивецтин ден соолугунун чың болушуна шарт түзѳт.


Андан аары